
Жарыяланган
2026-19-03, 16:06Кыргызстанда ЖРТга даярдануу үчүн “Булак” акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул тууралуу Агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, тиркеме бардык колдонуучулар үчүн акысыз жана аны Google Play жана App Store платформаларынан жүктөп алууга болот.
Учурда тиркемеде 12 миңден ашуун суроо камтылган. Алар негизги предметтерди, жана башка кошумча сабактарды камтыйт.
Суроолор Билим берүүнү өнүктүрүү жана усулдар борбору тарабынан берилген мурдагы жылдардагы ЖРТ тесттеринин негизинде түзүлгөн. Алар жасалма интеллекттин жардамы менен иштетилип, көбөйтүлгөн. Андан соң Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан тартылган 28 эксперт ар бир суроону кайрадан текшерип, экспертиза өткөргөн.
Тиркеменин негизги максаты — алыскы аймактарда жашаган окуучулар үчүн ЖРТга даярдыкты жеткиликтүү жана жеңил кылуу.



