
Жарыяланган
2026-18-06, 13:44Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылат
Кытайда “Дуаньу” (Ажыдаар кайыктардын майрамы) майрамы белгиленгендиктен коңшу өлкөнүн демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” жана “Торугарт” бекеттери жабылат.
“Эркечтам” 18-июнда саат 22:00до жабылып, 20-июнда саат 08:00до кайра иштей баштайт.
Ал эми “Торугарт” бекети 19-июнда ишин убактылуу токтотуп, 20-июнда саат 08:00до ачылат.



