
Жарыяланган
2026-18-06, 15:56Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, УКМК Ысык-Көлдө кум-шагыл жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөр мыйзам бузуу менен берилгенин, кийин ал күбөлүктөрдүн негизинде уруксат берүүчү документтер алынганын аныктаган.
Уруксатты алган компаниялар кум-шагылды казып алууда белгиленген чектен чыгып кетип, жердин түшүмдүү кыртышына зыян келтиришкен. Алдын ала эсеп боюнча, мамлекет 14.2 млн сом зыян тарткан.
Жанагы күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүүгө шектелип Ак-Суу райоунун акиминин мурдагы биринчи орун басары Д.М. кармалган.
Учурда тергөө иштери уланып, бул ике катышы бар адамр такталууда.



