
Жарыяланган
2026-18-06, 14:42Ош – Кара-Суу жолун оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Долбоорунун алкагында узундугу 18.7 чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин кеңейтилип, 4 тилкелүү болот. Ошондой эле туурасы 3 метр болгон тротуар жана веложол салынууда.
“Аталган жол эки тарабынан толук жарыктандырылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 7 чакырым жолдун ортосуна 4 метр болгон бетондук тосмо орнотулат. Ошондой эле унаа кыймылы көп болгон жолдун баштапкы 2 чакырым бөлүгү 6 тилкелүү болуп курулат”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда курулуш иштеринин 30%ы аяктады. Жол курууга жалпы 122 жумушчу тартылып, 117 атайын техника иштеп жатат.



