
Жарыяланган
2026-18-06, 11:28Мугалимдерди мектепти оңдоо иштерине тартууну токтотуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, Агартуу министрлиги “мугалимдер мектептеги оңдоо иштерине тартылбайт, акча бар” деп билдирүү жасаганы менен айрым аймактарда жергиликтүү бийлик “министрлик айта берет, акча жок” деп мугалимдерге оңдоо иштерин жасатууда
“Муну токтотуш керек. Ал аз келгенсип, 9-1-класстын окуучуларын “”сен сырдайсың, сен муну кыласың” деп жумуш жасатып жатат”, - дейт ал.
Бекешев өкмөт оңдоо иштерине кайсы мектепке канча акча бөлгөнүн коомчулукка ачык жарыялашы керектигин, болбосо “акча жок” деп ачык айтышы керектигин билдирди.



