Akchabarsearch
Бир жыл ичинде жол эрежесин үч жолу бузган айдоочулар кайра экзамен тапшырат

Жарыяланган

2026-06-02, 11:52

Бир жыл ичинде жол эрежесин үч жолу бузган айдоочулар кайра экзамен тапшырат

Жол эрежелерин бир жылдын ичинде үч жана андан көп жолу одоно бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кандай жол эрежелери бузулганда кайрадан экзамен тапшырууга туура келет?

Алар:

  • Айдоочуунун автоунааны мамлекеттик номери жок башкаруусу;
  • Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо;
  • Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан көп ашуу;
  • Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө;
  • Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • Жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу;
  • Адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу;
  • Мас адамга же айдоого укугу жок адамга унаа айдатууга жол берүү.

Тектеш материалды окуу