Akchabarsearch
Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга жеринде тест тапшыруу сунушталды

Жарыяланган

2026-24-02, 16:39

Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга жеринде тест тапшыруу сунушталды

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында жол тескөөчүлөрдүн 6 суроосунун төртөөсүнө жооп бере албагандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну караган мыйзам долбоору каралды.

Баяндамачы Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов билдиргендей, одоно жол эрежесин бузууга 8 эреже киргизилген. 

“Жол эрежесин бузган айдоочуга 6 суроо берилет.Суроо автоматтык түрдө тандалат.Төрт суроого жооп берген айдоочу андан ары кете берет. Жооп бере албай калса айдоочулук күбөлүгү алынат. Кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт”, - деди ал.

Депутат Болот Ибрагимов бул коррупциялык мыйзам болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

Адылбек Бийбосунов кызматкерлерге камера орнотулганын жана колдонулган планшеттерде да үн жаздыруу системасы иштеп турарын айтты.


Тектеш материалды окуу