
Жарыяланган
2026-26-05, 12:19Парламенттин тармактык комитети “Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул мыйзам долбоору менен бир нече өзгөртүү сунушталууда.
Азыр жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болушу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына азыр жазып, документтерин тапшырып, 300 миң сом күрөө төгүп, бардык документтери жайында болгондон кийин депутат катары катталат.
Эми аталган мыйзам долбоору менен депутаттыкка ат салышам деген жарандар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазардан мурда өз шайлоо фондун түзүп, БШКнын эсебине 300 миң сом кайтарымсыз күрөөнү төгүш керек болот. Болбосо анын арызы кабыл алынбайт.
Комитеттин жыйынында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Камила Талиева билдиргендей, өткөн шайлоодо депутаттыкка ат салыша турган жарандар арыз жазып, документтерин тапшырып, БШКнын кызматкерлери бир топ иш аткарып, убара тарткандан кийин айрымдар 300 миң сом акча төкпөй, талапкер катары катталбай койгон. Эми андай болбошу үчүн жаран БШКга арыз жазардан мурда күрөөнү төксүн деген талап киргизилгени жатат.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров аталган демилгени колдоп, туура чечим экенин белгиледи.
Анын айтымында, БШКнын бүтүндөй аппараты талапкерлигин көрсөткөн адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттап, күбөлүк берип, бир катар мамлекеттик органдарга кайрылып, текшерүү жүргүзүп, кыйла жумуш аткаргандан кийин жанагы жаран “акча жок” деп талапкер катары катталбай коет. Шайназаров ошол “акча жок” деп талапкер болбой калган адам үчүн канча деген убаракерчилик болорун билдирди.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн ичинде үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу да бар. Азыр президенттикке талапкер 10 миңге чейин, депутаттыкка талапкер 1000 чейин үгүтчү жалдай алса, мыйзам долбоорунда президенттикке же депутаттыкка талапкер ар бир шайлоо тилкесинде үчкө чейин үгүтчү ала алат деп каралган.



