Akchabarsearch
Биринчи Май районундагы Достук айылында 750 орундуу мектеп курулууда

Жарыяланган

2026-01-06, 18:28

Биринчи Май районундагы Достук айылында 750 орундуу мектеп курулууда

Биринчи Май районундагы Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул туралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча жалпы аянты 6 миң 500 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап мектеп салынууда. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот.

Учурда мектептин үчүнчү кабатынын колонналары орнотулууда.

 


Тектеш материалды окуу