Akchabarsearch
Ысык-Көл: Ак-Кочкор айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктады

Жарыяланган

2026-29-05, 18:16

Ысык-Көл: Ак-Кочкор айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктады

Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында 150 орундуу заманбап мектеп курулду. Объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 87 миллион сомду түздү.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 миң 358 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт зал салынды. Мектепте заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, азык-түлүк сактоочу кампа жана жыйындар залы каралган.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 300дөн ашык окуучу билим алат.

 


Тектеш материалды окуу