Akchabarsearch
Ош: Таш-Кыя айылында 77 млн сомго мектеп салынды

Жарыяланган

2026-29-05, 14:30

Ош: Таш-Кыя айылында 77 млн сомго мектеп салынды

Алай районундагы Таш-Кыя айылында 150 орундуу №29 К.Тайчабаров атындагы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Учурда эмеректер жайгаштырылууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 77 млн сомду түздү.

Мектептин жалпы аянты 1044 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу. Анда заманбап окуу класстар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана компьютердик класстар каралган.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулар жаңы мектептин босогосун атташат.

 


Тектеш материалды окуу