
Жарыяланган
2026-25-05, 17:03Ош облусунун Араван районундагы чек арага чектеш жайгашкан Жар-Кыштак айылында 200 окуучуга ылайыкталган мектеп салынууда.Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталып, каржылоо республикалык бюджеттен каралган. Жалпы наркы 137.5 миллион сомду түзөт.
Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу болуп, анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, эмгек кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашат. Имараттын жалпы аянты 2008 чарчы метрди түзөт.
Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери 35%га аткарылды.



