
Жарыяланган
2026-11-05, 14:55Чүй районундагы Прогресс айылына 275 орундуу жаңы мектеп салынууда. Мектептин наркы 132 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45%ы аткарылды.
Мектепте негизги окуу класстарынан тышкары китепкана, лаборатория, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле бардык шарттары менен спорт зал каралат.
Учурда иштеп жаткан мектеп 1962-жылы 120 орунга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө анда 427 окуучу үч нөөмөт менен билим алууда.



