Akchabarsearch
Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп салынды

Жарыяланган

2026-13-04, 15:50

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп салынды

Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектепке 500 орундуу жаңы имарат курулуп бүттү. Азыркы учурда мектепке эмеректер орнотулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жаңы имарат 3 кабаттан туруп, жалпы аянты 4 миң чарчы метрден ашат.

Мектеп окуучулар үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Анда лабораториялар, китепкана, IT кабинеттер, эмгек класстары жана спорт залы бар. Ошондой эле сыртта футбол жана волейбол аянтчалары каралган.

Буга чейин эски мектепте 1 миң 800 окуучу окуп, орун жетишпей келген. Жаңы имарат ишке берилсе, бул көйгөй толугу менен чечилет.

 


Тектеш материалды окуу