
Жарыяланган
2026-18-05, 14:52Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 939 орундуу кошумча корпус салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, мамлекеттик казынадан каржыланууда.
Долбоор боюнча жалпы аянты 2 миң 540 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мектеп курулат. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт зал каралган. Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулууда.
Бүгүнкү күндө ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу иштеп жаткан мектепте 4 миң 385 окуучу билим алып, орун тартыштыгы жаралган. Бул көйгөйдү чечүү максатында жаңы кошумча корпус куруу иштери башталган.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, эки нөөмөт менен 2000ге жакын окуучуга билим алууга шарт түзүлөт.



