Akchabarsearch
Ош: Каранай айылында 164 млн сомго мектеп салынууда

Жарыяланган

2026-21-05, 15:25

Ош: Каранай айылында 164 млн сомго мектеп салынууда

Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Анда окуу класстары, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот.

Объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Учурда имараттын ички курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөт менен 500дөн ашык окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 


Тектеш материалды окуу