Akchabarsearch
“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулган

Жарыяланган

2026-08-09, 10:56

“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулган

Борбор калаадагы “Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулган. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, “Бишкек-Арена” стадиону “60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Башында 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондуктан, мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айткан.

"Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Кийин президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” - деп тапшырма берген.

Ошентип долбоор түп-тамырынан бери өзгөрүп, жалпы аянты 194 248 м² болду. Стадиондордун ар бир квадрат метри 2000 доллардан баштап 15 000 долларга чейин бүтөт экен. Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду "60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт" десе керек", - дейт Алагөзов.

Алагөзов билдиргендей, эгер “Бишкек-Арена” Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келмек. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоор чоңойтулган.  

Долбоорду чоңойтуунун дагы бир себеби ФИФАнын талабы болгон. Ага ылайык дүйнөлүк мелдештер өтө турчу стадион 50 миңден кем эмес адам батырышы керек.

Алагөзов стадиондун аянты менен бирге анын аймагында эмнелер курулганын айтап өттү. 

*  Жер тилкесинин аянты — 20 га (200 000 м²).
*  Курулуштун жалпы аянты — 194 248 м².
*  Курулманын диаметри — 280 м
*  Бийиктиги — 70 м
*  Кабаттуулугу — 8 кабат.
*  Көрүүчүлөр үчүн орундуктар саны — 51 252.
*  Сметалык баасы — 386 млн доллар.
*  Соода борбордун жалпы аянты — 35 916 м².
*  48 дүкөн.
*  1 супермаркет.
*  18 соода күркөсү.
*  23 ресторан.
*  11 кафе.
*  4 кинотеатр залы.
*  Балдар ойноочу аянтча.
*  Спорт зал.
*  Жалпы  5 087 м² аянттагы террасалар.

"Мына ошентип “Бишкек-Аренанын” курулушунун жалпы суммасы 386 млн доллар болуп жатат. Бирок “Бишкек-Аренабыз” бул сумманы кыска убакытта эле актап тим болбостон, өмүр бою киреше бере турган мекемеге айланат. Азыртадан эле акча төлөп иш чара, концерттерди өткөрүү үчүн буйрутмалар түшө баштады", - дейт ал.  

Ал белгилегендей, буга чейин айтылгандай эле президент Эсеп палатасы баш болгон башка органдардан турган комиссия түзүп, тыкыр текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

"Курулуш материалдары толук колдонулганбы, эмгек акылар толук берилгенби, акчалар уурдалып кеткен жокпу деген сыяктуу маселелер текшерилип, жыйынтыгы жалпы элге жарыяланат", - дейт ал.


Тектеш материалды окуу