Akchabarsearch
Бишкек менен Чүйдө майда көмүр жаккандарга 23 миң сомго чейин айып салына башташы мүмкүн

Жарыяланган

2026-15-07, 12:29

Бишкек менен Чүйдө майда көмүр жаккандарга 23 миң сомго чейин айып салына башташы мүмкүн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек менен Чүйдө майда көмүрдү (0–13 мм болгон көмүр) саткандарга, жаккандарга, ташып келгендерге айыппул салууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды.   

Белгилүү болгондой, 2025-жылы октябрда өкмөт абаны көбүрөөк булгайт деп майда көмүрдү (0–13 мм болгон көмүр) Бишкек менен Чүйгө ташып келүүгө, сатууга жана жагууга тыюу салган. 

Эми ошол өкмөттүн чечимин аткарбагандарга айыппул түрүндө жаза киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, тыюу салууга баш ийбеген жарандарга (физикалык жак) 7.5 миң сом жана юридикалык жактарга 23 миң сом айып салуу каралган. 

Майда көмүрдү жылуулук ишканалары үчүн гана ташып келүүгө, жагууга уруксат берилет.   


Тектеш материалды окуу