Akchabarsearch
Кыргызстан чет жакка 652.2 миң литр суу экспорттоду

Жарыяланган

2026-15-07, 14:39

Кыргызстан чет жакка 652.2 миң литр суу экспорттоду

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жакка 18.5 млн сомго минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Жалпы чет жакка 652.5 миң литр суу сатылган. 

Кыргызстан 460.9 миң литр сууну – Казакстанга,  183.24 миң литрди – Өзбекстанга жана 1.6 миң литр сууну АКШга саткан. Дагы 7 миң литрге жакын суу кайсы өлкөлөргө экспорттолгону документте көрсөтүлгөн эмес. 

2025-жылдын январь-апрель айларына караганда экспорт 65.4 миң литрге көп болгон. Былтыр төрт айда 587.1 мин литр суу экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу