Akchabarsearch
Эми коррупция тууралуу «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот

Жарыяланган

2026-15-07, 12:58

Эми коррупция тууралуу «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот

Эми коррупция тууралуу «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Маалым болгондой, аталган тиркемеде «Коррупция жөнүндө билдирүү» санариптик кызматы ишке киргизилди. 

Кайрылууну жөнөтүү үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесин ачып, «Коррупция жөнүндө билдирүү» кызматын тандап, электрондук форманы толтуруп, зарыл болгон учурда ырастоочу материалдарды тиркеп, андан кийин кайрылууну жөнөтүү керек. 

Арызды Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүүгө болот. 


Тектеш материалды окуу