Akchabarsearch
Бишкек менен Чүйдө майда көмүр жаккандарга 23 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда

Жарыяланган

2025-30-12, 14:07

Бишкек менен Чүйдө майда көмүр жаккандарга 23 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда

Бишкек менен Чүйдө майда көмүрдү (0–13 мм болгон көмүр) саткандарга, жаккандарга, ташып келгендерге айыппул түрүндө жаза киргизүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды.  

Министрлик белгилегендей, изилдөө боюнча Бишкектеги абанын булганышына от жаккан жер тамдар (29%) менен унаалардын (27%) салымы чоң. Айрыкча сапаты начар, анын ичинде майда көмүрдү жагуу абанын дагы да булганышына алып келет. 

Майда көмүрдү жакканда абага чаң, күл, ага кошо зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Алар абаны кирдетип, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна терс таасир тийгизет. 

Ошондуктан буга чейин Бишкек менен Чүйдө майда көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана жагууга тыюу салынган. Эми ал тыюу салууга баш ийбеген жарандарга (физикалык жак) 7.5 миң сом жана юридикалык жактарга 23 миң сом айып салуу сунушталууда. 

Майда көмүрдү жылуулук ишканалары үчүн гана ташып келүүгө, жагууга уруксат берилет.  


Тектеш материалды окуу