Akchabarsearch
Бишкек менен Чүйдүн тургундарына майда көмүр жагууга тыюу салынды

Жарыяланган

2025-06-10, 17:40

Бишкек менен Чүйдүн тургундарына майда көмүр жагууга тыюу салынды

Бишкек менен Чүйдө майда көмүр сатууга жана жагууга тыюу салынды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди. 

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү (0–13 мм болгон көмүр) ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана жагууга болбойт. Аны жылуулук ишканаларына гана жагууга уруксат берилет. 

Министрлик белгилегендей, майда көмүр арзан болгону менен, көп чаң чыгарат, тез күйүп кетет жана абаны булгайт. Ошондуктан аны үйдө жагууга сунушталбайт.


Тектеш материалды окуу