Жарыяланган
2025-06-10, 16:04Бишкекте жасалма ичимдик жасалган жай аныкталды. Бул тууралуу Салы кызматы билдирди.
Аталган жай борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан. Имаратты текшерүү учурунда 151 бөтөлкө жасалма ичимдик жана эски үлгүдөгү акциздик маркалар табылган.
Ичимдик жасагандар аны жок кылууга аракет кылып, качып кетишкен.
Салык кызматкерлерине тоскоолдук көрсөтүлгөнү үчүн жерине милиция чакырылган.
Бул факты боюнча материалдар милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.