Akchabarsearch
Бишкек менен Манаманын ортосунда аба каттам ачуу маселеси талкууланды

Жарыяланган

2026-05-02, 18:08

Бишкек менен Манаманын ортосунда аба каттам ачуу маселеси талкууланды

Бахрейнге болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин каржы жана улуттук экономика министри Шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланган.

Марипов кыргыз-бахрейн биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясын түзүүнү,  анын биринчи жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаган. Ошондой эле Бишкек менен Манаманын ортосунда түз аба каттам ачуу сунушун айткан.


Тектеш материалды окуу