
Жарыяланган
2026-05-02, 17:45Бүгүн, 5-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Республикалык спорттук колледжинин базасындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, комплексте күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, тамактануу зонасы, заманбап жатаканалар, конференц-зал,окуу-машыгуу, жыйындар үчүн кошумча бөлмөлөр каралган.
“Жаңы ачылган комплекс чемпиондорду гана эмес, ар тараптуу өнүккөн жаштарды даярдоочу борбор болот. Бул спорт, интеллект жана ден-соолук биригип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө жол ачкан жай”, - дейт Ташиев.



