
Жарыяланган
2025-13-11, 13:21УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерде электр жарыгы саат 19:00гө чейин өчүрүлбөшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал “Регион” телеканалында жасаган кайрылуусунда билдирди.
“Мектептерде жарыкты саат 18:00дө өчүрүп коюп жатат деп маалымат каражаттарынан окуп калдым. Бул туура эмес. Мектептерде электр жарыгы саат 19:00гө чейин өчүрүлбөшү керек. Балдарга үйлөрүнө кеткенге шарт түзүп берүү зарыл. Саат 18:00дө жарыкты өчүрүп койсоңор балдар кыйналып калып жатат. Мектептердин жарыгын саат 19:00гө чейин өчүрбөгүлө”, - дейт Ташиев.
Ошону менен катар эле УКМКнын төрагасы тойканалар, түнкү клубдар, оюн-зоок жайлары "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды сактабай жатканын белгиледи. Ал саат 22:00дөн кийин той болуп жатканын мэр, аким же губернатор билбей калса, жоопко тартыла турганын эскертти.
“Бүгүн, 13-ноябрдан баштап өлкөнүн бардык аймагында кечки саат 10дон кийин той, оюн-зооктор болбошу керек, кафе-ресторандар ишин токтотушу зарыл. Эгер тартипке баш ийбесе, электр жарыгын өчүрүп койгула”, - деди ал.



