
Жарыяланган
2026-28-04, 09:00Бишкектеги автобустарда жол кире төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча текшерүүлөр уланып, айып пулдар салынууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Текшерүүлөр жума ичи эртең менен саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин жүрүүдө.
Быйыл жыл башынан бери жол кире төлөбөгөн 400дөй жүргүнчү аныкталып, алардын ар бирине 1 миң сомдон, жалпы 400 миң сомго жакын айып салынган.
Шаар бийлиги жарандарга автобуска түшкөндө жол кирени төлөө керектигин эскертет: жол акыны накталай төлөгөндө талонду сөзсүз унутпай алуу керек.



