
Жарыяланган
2025-24-11, 10:58Бишкек мэриясы борбор аппаратындагы жана кол алдындагы башка ишкана-мекемелердеги кызматкерлерине жаңы жылдык кечелерди уюштурууга тыюу салды.
Чечимге ылайык, кызматкерлер Жаңы жылды майрамдоо үчүн акча чогултуп, кече уюштурууга болбойт. Болгону жылдын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди куттуктоо боюнча расмий иш-чараларга уруксат берилет. Мындай иш-чаралар да административдик имараттарда өтүшү керек.
Шаар бийлиги кол алдындагы бардык жетектчилерге аталган чечимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.



