
Жарыяланган
2025-24-11, 13:11Бишкекте Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн учурда окуучулар менен студенттер онлайн окуйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМ белгилегендей, жолдо тыгындар аз болушу үчүн мектептер менен окуу жайлар онлайн окуйт.
Ал эми Бишкек менен Чүйдө 4 миңден ашык милиция коомдук тартипти кароого чыгат.
Белгилей кетсек, ЖККУнун саммити 27-октябрда өтөт.



