Akchabarsearch
ЖККУ саммити:  "Ош базары", "Сары-Өзөн" базары жабык болот

Жарыяланган

2025-24-11, 14:30

ЖККУ саммити: "Ош базары", "Сары-Өзөн" базары жабык болот

ЖККУ саммитине байланыштуу  "Ош базары", "Сары-Өзөн" базары жабык болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, аталган базарларда санитардык тазалоо жүргүзүлөт. 25-ноябрдан  27-ноябрына чейин шаарда айрым объектилердин иштөө режимине жана транспорт кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Мындан тышкары, ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде, ошондой эле алдыдагы шайлоолорду жана андан кийинки билим берүү мекемелерин окуу процессине-санитардык иш-чараларды өткөрүүгө даярдоо зарылдыгын эске алуу менен борбордогу бардык мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга которулат. Окуу сабактары бекитилген окуу пландарына жана графиктерге ылайык онлайн форматта өткөрүлөт. 2-декабрдан баштап сабактар кадимки форматта улантылат.

Ошону менен катар эле жогорку окуу жайлар 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин онлайн окууга өткөрүлөт.
 


Тектеш материалды окуу