
Жарыяланган
2025-24-11, 14:06Айыл чарба министрлигинин "Кыргыз Агрохолдинг" компаниясы Коргоо министрлигинин №33665 аскер бөлүгүн "Гүлазык" жеке тамак рациону менен камсыздай баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
"Гүлазык" графикке ылайык, этап-этабы менен жеткирилет.
Эскерте кетсек, буга чейин "Кыргыз Агрохолдинг" Чек ара кызматынын жоокерлери үчүн "Гүлазык" деп аталган жеке тамак рационун даярдап берип келген. Ал долбоор ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин компания Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн.



