Akchabarsearch
15 сомдук түтүктү 3.5 миңден алган. Таласта суу эсептегич орнотууда мыйзам бузуу аныкталды

Жарыяланган

2025-24-11, 12:18

15 сомдук түтүктү 3.5 миңден алган. Таласта суу эсептегич орнотууда мыйзам бузуу аныкталды

Таласта суу эсептегичтерди орнотууда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалым болгондой, 2019-жылы “Таза суу” муниципалдык ишканасы 6000 суу эсептегичти орнотуу үчүн бир жеке компания (П.) менен 349.7 миң еврого келишим түзгөн. Келишим боюнча компания эсептегичтерди алып келип, орнотуп, ишке бермек.

Бирок текшерүү учурунда алып келинген эсептегичтер иштебей турганы аныкталып, 580гө жакын эсептегич кем болуп чыккан. 4000 метрлик желим түтүктөрдүн бир метри 35 евродон (болжол менен 3500 сомдон) сатып алынган. Бирок анын ошол кездеги баасы 15 эле сомдон болгон. 

Кепилдик мөөнөтү аяктагандан кийин “Таза суу” муниципалдык ишканасы кепилдик катары берилген акчаны компанияга текшерүү жүргүзбөй эле кайтарып берген. 

Эсептегич орнотулганы менен 2022-жылдан бери үйдүн тургандары суунун акысын эсептегичтеги көрсөткүч боюнча эмес, киши башына төлөп келишкен. 

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында мамлекетке 23.1 млн сомго жакын зыян келтирилгени аныкталган. Аталган компания ал акчаны толугу менен кайтарып, УКМКнын атайын эсебине которуп берген. 


Тектеш материалды окуу