Akchabarsearch
    Бишкекке электр автобустардын биринчи партиясы июнда келет

    Жарыяланган

    2025-22-05, 16:14

    Бишкекке электр автобустардын биринчи партиясы июнда келет

    Бишкекке электр автобустардын биринчи партиясы июнда келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, электр автобустар жакында келе тургандыктан, мэр Айбек Жунушалиев  алар тура турган эки деподогу курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп келген. 

    Курулуш иштерин China Road and Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө. Жумуштар убагынан кеч аткарылып жаткандыктан, компанияга эскертүү берилген. Ошондой эле иштер кеч бүтүрүлгөн учурда келишимде кандай жазалар каралганы жөнүндө эскертүү менен расмий кат жөнөтүлгөн.


    Тектеш материалды окуу