Akchabarsearch
    Бишкекте 21 кабаттуу заманбап комплекс курулат

    Жарыяланган

    2025-18-05, 15:55

    Бишкекте 21 кабаттуу заманбап комплекс курулат

    Бишкекте заманбап "Бета Сторес" комплекси курулат. Анын курулушун баштоого министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев капсула салды. 

    Комплекс 21 кабаттуу болуп. үч мунарадан турат. Аны борбор калаадагы "Бета Сторес" соода борборлорун курган "Бета Иншаат Ятырымжылык" компаниясы салат.  Бул соода борбордо 550 орундуу унаа токтотуучу жай болот. 

    Касымалиев түрк инвесторлоруна Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына ишеним билдирген


    Тектеш материалды окуу