Akchabarsearch
    Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

    Жарыяланган

    2025-19-05, 08:20

    Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

    Эртең, 19-майда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, суу Киев көчөсүнүн Үсөнбаевден Ибраимовго чейинки бөлүгүндө түтүктү орнотуу иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Таза суу саат 10:00дон 17:00го турак үй, бала бакча, мектеп жана башка объектилерде жок болот.

    "Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт. 


    Тектеш материалды окуу