Жарыяланган
2025-18-05, 16:13Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында Ананьев айылындагы 100 орундуу жаңы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жаңы салынып жаткан ооруканада хирургия, реанимация, төрөт жана башка бөлүмдөр каралган.
Азыркы тапта Ананьевде элге медициналык кызмат көрсөткөн 25 орундуу соматикалык бөлүм гана бар. Бейтаптардын көбү дарылануу үчүн Чолпон-Ата шаарына барууга аргасыз.
"Жаңы стационар Ананьев айылынын жана жакынкы аймактардын тургундарына керектүү медициналык жардамды үйүнө жакын жерден алууга мүмкүнчүлүк түзөт", — дейт Чечейбаев.
Курулуш иштери план боюнча жүрүп жатат.