Жарыяланган
2025-17-09, 12:46Бишкекте 5 акча алмаштыруучу жайга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Алар өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарды бузганы үчүн айыпка жыгылган. Ар бирине 55 миң сомдон, жалпы 275 миң сом айып салынган.
Улуттук банк айыпка жыгылган акча алмаштыруу жайлардын аттарын ачыктаган жок.