Жарыяланган
2025-17-09, 15:04Кыргызстанда 1991-2024-жылдары менчиктештирилген айрым объектилерге мунапыс берүү сунушталууда. Депутат Элдар Абакиров иштеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда жактырылды.
Абакировдун айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик мүлктү ачык аукцион аркылуу сатып алган, мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү документтери берилген жана менчиктештирүү же сатуу учурунда кетирилген мыйзам бузуулар тууралуу билбеген адамдарга (юридикалык жактарга) мунапыс берип, мүлкүн аларда калтыруу сунушталууда. Тактап айтканда, мунапыс мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алган адамдарга эмес, аны кийин ачык түрдө сатып алгандарга берилет.
Ошол эле учурда социалдык имараттарды (бала бакча, мектеп, маданият үйү ж.б. имараттар), менчиктештирүүгө болбой турган объектилерди менчиктештирип алгандарга мунапыс каралбайт.