Жарыяланган
2025-17-09, 17:18Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев демилгелеген. Ага ылайык жарандарга Пенсиялык топтомо фондуна өз ыктыяры менен кошумча акча которууга мүмкүндүк берүү пландалууда. Жаран Топтомо фондго каалаган сумманы, бирок орточо айлык акысынан 2%ынан кем эмес акча которо алат. Муну жаран өз каалоосу менен чегерет.
Эскерте кетсек, Топтомо фонд жарандардын Соцфондго төлөгөн каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Жарандар Соцфондго эмгек акысынын 10%ын которсо, анын 2%ы Топтомо фондго түшөт. Бул каражаттар жарандар пенсияга чыкканда колуна берилет. Ошондой эле акчаны пенсияга чыкканга чейин эле, ипотекага үй алып жатканда, дарыланууга, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) алса болот.
Белгилүү болгондой, иштеген пенсионерлер Топтомо фондго 2% акча которуудан бошотулгандыктан, алар Соцфондго айлыгынын 8%ын гана которот. Эми аталган мыйзам долбоору менен пенсионерлердин баары эмес, бирок коммерциялык эмес уюмдарда, коомдук фонддордо, кооперативдерде, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринде жана диний уюмдарда иштеген пенсионерлер Соцфондго азыркыдай айлыгынын 8%ын эмес, 2%ын которсун деген норма сунушталууда.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда гана каралып жактырылды. Ал үч окуудан өтүп, президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет.