Жарыяланган
2025-17-09, 17:44Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жевдет Йылмазды "Манас" эл аралык аэропортунан жогорку министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Сапардын алкагында Жевдет Йылмаз президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ошондой эле Адылбек Касымалиевдин жана Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.
Андан тышкары 18-сентябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.