Жарыяланган
2025-17-09, 19:00Бүгүн, 17-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнвн Төрагасы Камчыбек Ташиев Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы спорт залынын ачылышына катышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, быйыл 16-январда Камчыбек Ташиев жогорку окуу жайлардын менен жолугушуу өткөргөндө, Искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошов окуу жайга спорт зал курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1967-жылы түзүлгөндөн бери университеттин спорт залы болгон эмес. Мындан улам дене тарбия сабактары тийиштүү шарттары жок өткөрүлүп келген.
Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, апрель айында курулуш иштери башталып, спорт зал кыска убакытта салынып бүттү.