Жарыяланган
2025-17-09, 13:37Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкектеги жол тыгын маселесин чечүү үчүн шаарда ылдам жүргөн жеңил поезддерди каттатууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 1 млн 815 миң унаа катталган. Бишкек шаары 350 миң унаага ылайыкталса, борбор калаада 700-800 миңдей унаа жүрөт.
Акаев өкмөт шаардагы тыгын маселесин чечүүгө тез арада киришиши керектигин айтты
"Жакында Улуу Британиядан Экспортту колдоо агенттигинин өкүлдөрү келди. Алар Кыргызстанга 2 млрд долларды насыя катары узак мөөнөткө бергенге даяр экенин билдиришти. Алар чоң долбоорлорду күтүп жатышат", - дейт ал.
Акаев Бишкек шаарынын мэриясынын, министрлер кабинетинин өкүлдөрунөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн, алар Бишкекте ылдым жүргөн поезддердин план иштеп чыгып, сунуштаса ал долбоорду Улуу Британиянын Экспортту колдоо агенттиги колдоп бере турганын билдирди.
"Аларда акча бар. "Бизге чоң долбоорлорду бергиле" деп жатышат. Биздикилер ири долбоорлорду сунуштаган, бирок анын ичинде ушул долбоор жок", - дейт ал.
Анын айтымында, Кара-Балтадан Сокулукка андан ары Бишкекке жана Кантка чейин жүргөн жеңил ылдам поезддерди каттатса болот. Ошондой эле Бишкектин Айтматов, Абдрахманов жана Жибек Жолу сыяктуу чоң көчөлөрүндө ылдам жүргөн жеңил поезддерди каттатуу керек. Ал үчүн атайын жолдорду куруу зарыл.