
Жарыяланган
2025-21-11, 16:32Бишкекте акчасын төлөбөсө, 24-ноябрда 5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Ишкана абоненттерди жарыктын акчасын өз убагында төлөөгө чакырат. Жарандар жана ишкана-мекемелер Бишкек электр тармактары ишканасынын сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмү же “Менин жарыгым” тиркемеси аркылуу жеке эсебин көрө алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0556 00 12 09 номерлеринин бирине чалууга же 0702 001209 WhatsApp номерине жазууга болот.
Акчаны терминалдар, электрондук капчык аркылуу же “Кыргызпочтасынын” бөлүмүнө барып төлөсө болот.


