
Жарыяланган
2025-21-11, 16:47Кыргызстанда үч жумада 47 миңге жакын киши насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилүү болгондой, 1-ноябрдан тарта өлкөдө жарандарга онлайн насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул кызмат киргизилгенден бери 21-ноябрга чейин 46 миң 713 киши насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салган.
Тыюу салууну “Түндүк” тиркемесиндеги кызматтар бөлүмүнөн иштетүүгө болот. “Бирөө-жарым менин атымдан онлайн насыя албасын” деген жарандар шылуундардан сактануу үчүн өзүнө-өзү насыя алууга тыюу сала алат. Жаран тыюу салууну иштеткенден кийин банктар анын атына насыя бербеши керек. Насыя бере турган болсо да ал карыз банктын өзүнүн мойнуна жүктөлөт.
Тыюу салууну “Түндүк” тиркемесиндеги кызматтар бөлүмүнөн өчүрүүгө болот.


