Akchabarsearch
Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой монорельс куруу пландалууда

Жарыяланган

2026-10-11, 18:00

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой монорельс куруу пландалууда

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой жер үстүндөгү монорельс куруу пландалууда. Аталган маселе Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Кытайдын BYD компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Нет описания фото.

Жолугушууда долбоордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү, Бишкектин климаттык шарттарын эске алуу менен системаны куруу жана пайдалануу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле каржылоо механизмдери каралган.

Компаниянын өкүлдөрү SkyShuttle автоматташтырылган транспорттук системасы тууралуу маалымат берген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келечектеги каттамдын багытын биргелешип изилдөө жана долбоорду мындан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү макулдашылган. 


Тектеш материалды окуу