Akchabarsearch
MBANK «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11%га чейин жогорулатты

Жарыяланган

2026-10-11, 15:13

MBANK «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11%га чейин жогорулатты

MBANK исламдык каржылоону өнүктүрүп, MIslamic'теги «Мудараба» мөөнөттүү аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11%га чейин жогорулатты. Аманат 36 айга чейинки мөөнөткө ачылат, исламдык каржылоо шарттарында иштейт жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган.

Топтогон каражатыңызды белгилүү бир мөөнөткө жайгаштырып, киреше алгыңыз келеби? MIslamic'теги «Мудараба» аманатын ачыңыз. Бул өнүм топтогон каражатыңыздан киреше алууга жана ошол эле учурда исламдык каржылоо принциптерине ылайык иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет.

Аманаттын шарттары:

• күтүлгөн кирешелүүлүк — жылдык 14,11%га чейин;
•өнүм банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган;
• мөөнөтү — 36 айга чейин, кардар мөөнөттү өзү тандайт;
• күтүлгөн киреше ай сайын төлөнөт.

«Мудараба» аманатын кантип ачууга болот

Аманат MIslamic'те жеткиликтүү. Аны ачуу үчүн:

• MBANK колдонмосун ачыңыз;
• төмөнкү оң бурчтагы «Дагы» баскычын басыңыз;
• профилиңизге кирип, банкинг түрүн MIslamic'ке өзгөртүңүз;
• башкы менюдан «Мудараба» бөлүмүн тандаңыз;
• аманаттын ылайыктуу түрүн тандап, «Улантуу» баскычын басыңыз;
• шарттары менен таанышып, маалыматтарды толтуруңуз жана «Улантуу» баскычын басыңыз;
• «Аманатты ачуу» баскычын басыңыз;
• SMS аркылуу келген бир жолку кодду жазыңыз. 

Андан кийин аманатыңыз «Мудараба» бөлүмүндө пайда болот.

Аманатты ачуу үчүн шилтеме аркылуу дароо өтсөңүз болот. Эгер аманатты жеке өзүңүз ачуу ыңгайлуу болсо, MBANK’тын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз.

Өзүңүзгө ылайыктуу мөөнөттү тандап, жылдык 14,11%га чейинки күтүлгөн кирешелүүлүк менен «Мудараба» аманатын ачыңыз. Топтогон каражатыңыз сиз үчүн иштесин!

MIslamic — исламдык санарип банк.

КРУБ №014/1 лицензиясы.


Тектеш материалды окуу