
Жарыяланган
2026-10-11, 16:57Президент Садыр Жапаров президенттикке ат салышуу үчүн бүгүн, 10-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Эскерте кетсек, алдыдагы президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Бул ирет президенттик шайлоо алгачкы ирет үчүнчү күнү өткөрүлөт. Ал күн Кыргызстанда дем алыш болот.
Президенттикке ат салыша турган жарандар 13-ноябрга чейин БШКга арыз менен кайрылышы керек. Буга чейин Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кадыров жана Исхак Масалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган.



