
Жарыяланган
2026-10-11, 15:04Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында депутат Медер Чотонов Талас облусунда төө буурчакты кабыл алуу пунктуна тапшырган дыйкандардын маселесин көтөрдү.
Чотонов мамлекеттин колдоосу менен Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод салынганын, аны курганга жана дыйкандардан төө буурчакты кабыл алганга 2 млрд сом акча пайызсыз берилгенин белгилеп, бирок дыйкандарда чогулткан түшүмүн тапшырууда маселе жаралып жатканын айтты.
"Азыр төө буурчакты жападан жалгыз бир пункт кабыл алып жатат. Эртең менен саат 08:00до ачылса, кечки саат 18:00до жабылып калат экен. Мунун айынан дыйкандар кезегин күтүп, түнү менен ошол жерде калганга аргасыз болууда", - дейт ал.
Депутат Айыл чарба менен Экономика министрликтеринин өкүлдөрүнөн завод менен сүйлөшүп, кабыл алуу пунктун эки нөөмөт менен күнү-түнү иштеши үчүн шарт түзүүнү суранды.
Сөзүн улай ал бир дыйкан болгону 1 тонна же 20 кап төө буурчакты тапшыра аларын, анын 3-4 кабы да "жараксыз" деп кабыл алынбай калып жатканын айтты.
"Ошондо дыйкан тапшыра турган төө буурчактын бештен бир бөлүгүнүн акчасын колуна ала албай калып жатат. Дыйкандардын мээнетин жедирбешибиз керек. Ушуну да көзөмөлгө алып бериңиздер", - дейт депутат.
Аны менен бирге Чотонов жанагы пункт жападан жалгыз болгондуктан, төө буурчакты кабыл алгандар дыйкандарга орой мамиле кылып жатканы боюнча арыздануулар түшүп жатканын билдирди.
Депутат күн сууктап калганын эске алып завод дыйкандарга ысык чай уюштуруп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берсе жакшы болорун кошумчалады.



