Akchabarsearch
Бишкекте үч акча алмаштыруу жайына 165 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-15-10, 16:01

Бишкекте үч акча алмаштыруу жайына 165 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында үч акча алмаштыруучу жайга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Алар өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылган. Улуттук банк алардын ар бирине 55 миң сомдон, жалпы 165 сом айып салган.

Белгилей кетсек, Улуттук банк айыпка жыгылган акча алмаштыруучу жайлардын атын ачыктабайт. 
 


Тектеш материалды окуу