
Жарыяланган
2026-15-10, 17:13Бишкектеги эски аянтта 21-25-октябрда жарманке өтүп, айрым жол тилкелери жабылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 21-25-октябрда Т. Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо – 2026» жана «Алтын күз» көзгөзмөлөрү өтөт. Анын алкагында дыйкандардын, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын жарманкеси өтүп, айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер, заманбап технологиялар, алдыңкы айыл чарба техникалары көрсөтүлөт.
Ага байланыштуу эски аянтка жакын көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү убактылуу жабылат.
Жабыла турган жол тилкелери:

Көзгөзмөгө келгендер үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалынын (ТИМдин эски аянты) айланасында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.



